Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:33

Константиновкада орус аскерлеринин аткылоосунан үч адам набыт болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орус армиясынын 2-апрелде Украинанын Донецк облусундагы Константиновка шаарына жасаган чабуулунан бери дегенде үч адам мерт болуп, дагы алты киши жараат алды. Көп кабаттуу үйлөр, жер тамдар жабыркады. Бул тууралуу Донецк облусунун башчысы Павел Кириленко билдирди.

“Орусиялыктар 2-апрелде эртең менен шаардын борбордук көчөлөрүн аткылады. Көптөгөн көп кабаттуу үйлөр, жер тамдар жабыркады. Учурда жараат алган жарандарга жардам көрсөтүлүп, жеринде куткаруучулар жана полиция иштеп жатат”,- деп билдирди Кириленко.

Украин президентинин кеңсесинин башчысынын орун басары Андрей Ермактын ырасташынча, Константиновка кассеталык ок-дарысы бар реактивдүү система менен аткыланды. Мунун алдында Орусия оккупациялап алган Мелитопол шаарында локомативдик депо аткылоого кабылганы тууралуу маалыматтар чыккан. Шаар мэри Иван Федеров үчүнчү апта катары менен бул жайда жардыруу катталганын кабарлаган.

Муну менен катар “Биз Орусия менен биргебиз” деп аталган кыймылдын башчысы Владимир Рогов украин армиясы Мелитополду HIMARS ракеталык системасы менен жети жолу атканын, алты ракета атып түшүрүлгөнүн билдирген. Анын ырасташынча локомотив депосунун жанындагы көп кабаттуу бир үй жабыркады.

Бул шаарга орус тарап дайындаган администрациянын маалыматына караганда, аткылоодон бир аял жараат алды.

Согуш маалында бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG