Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

“Интерньюс” медиасабаттуулукка багытталган улуттук өнөктүк баштады


Долбоордун алкагында фейк маалыматты айырмалай билүү тууралуу бир катар иш-чаралар уюштурулат.
Долбоордун алкагында фейк маалыматты айырмалай билүү тууралуу бир катар иш-чаралар уюштурулат.

Кыргызстанда “Интерньюс” уюму медиасабаттуулукту жогорулатууга багытталган “Текшердим” деп аталган улуттук маалыматтык кампания башталганын билдирди. Анын максаты – медиа жана санариптик сабаттуулук, сынчыл ой-жүгүртүүнү өнүктүрүүнүн мааниси тууралуу коомго көбүрөөк маалымат берүү болуп саналат.

Долбоордун алкагында фейк маалыматты айырмалай билүү, түрдүү маалымат булактарын талдай алуу жана алардын арасынан ишенимдүүсүн, ынанымдуусун тандай билүү, маалыматка, өзгөчө онлайн түрдө тараган маалыматка сынчыл көз карашта болуу тууралуу окутуулар, бир катар иш-чаралар уюштурулат.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Гүлшат Асылбаева автор болгон “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам бир топ талаш-тартыштардан кийин 2021-жылы кабыл алынган. Ага жарандык активисттер жана укук коргоочулар каршы болушкан. Мыйзамды аткаруу милдети Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн.

Бул мыйзамга ылайык, эгер кимдир бирөө кайсы бир сайт “фейк” маалымат жарыялаганын айтып арызданса, ал сайт соттун чечимисиз эле бөгөттөлүп коюлат.

Айрым депутаттар бул мыйзам “демократиялык баалуулуктарга терс таасирин тийгизип, жалпы коомубуздун башын бириктирүүгө зыян келтириши мүмкүн” деген негизде аны өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгышканы былтыр сентябрда белгилүү болгон.

Бул мыйзамдын негизинде былтыркы жылдын октябрь айынан бери “Азаттыктын” сайты бөгөттөлүп турат, мындан тышкары аны жалпыга маалымдоо каражаты катары жабуу аракети көрүлүүдө. Аталган медиа бул чечимдерге каршы сотко кайрылып, учурда териштирүү уланып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG