Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

WSJ: Гершковичти Орусияда атайын кызмат аңдып жүргөн болушу мүмкүн


"Эван Гершкович Орусияда төрөлүп, бала чагында ата-энеси менен жер которуп кеткен.
"Эван Гершкович Орусияда төрөлүп, бала чагында ата-энеси менен жер которуп кеткен.

Орусияда камакка алынган америкалык журналист Эван Гершковичтин артынан атайын кызмат аңдып жүргөн болушу мүмкүн. Бул тууралуу The Wall Street Journal (WSJ) басылмасы жазды. Ага ылайык, Гершкович репортаж даярдап жүргөндө анын сары изине күч органдарынын бир катар кызматкерлери түшүп, журналисттин баскан-турганын камерага тартып, аны менен маектешкен адамдарга басым-кысым жасалган.

Басылма ошондой эле Гершкович анын телефону тыңшалып жаткан болушу мүмкүндүгүн айтканын билдирди.

Орусияда расмий аккредитациядан өткөн журналист 29-мартта Екатеринбургда Москванын Киевге каршы согушуна жана “вагнерчилерге” карата орусиялыктардын мамилеси тууралуу материал даярдап жүргөндө кармалган.

Бейшембиде Москва соту аны 29-майга чейин камоо чечимин чыгарган. Ал тыңчылыкка айыпталууда. ФСБ Гершкович АКШнын тапшырмасы менен аскердик өнөр жай комплексинин ишканаларынын бири тууралуу маалымат чогултуп жүргөн деп эсептейт. Кайсы ишкана экени айтылган жок.

Орусияда тыңчылыкка айыпталгандар 12-20 жылга чейин эркинен ажыратылат. WSJ айыптоолорду четке кагып, кызматкеринин коопсуздугуна тынчсызданып жатканын билдирген.

Гершкович Орусияда төрөлүп, бала чагында ата-энеси менен жер которуп кеткен. WSJ гезитине чейин ал Agence France-Presse, The Moscow Times жана The New York Times басылмаларында иштеген.

Бул окуядан улам Кошмо Штаттарынын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби америкалыктарды коопсуздук үчүн Орусиядан кетүүгө чакырган.

Мунун алдында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен дагы америкалык жарандарды Орусиядан чыгып кетүүгө, бул өлкөгө барбай турууга үндөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG