Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:29

Садыр Жапаров тергөө абагынын ордуна көп кабаттуу үйлөр куруларын айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров мамлекеттен ипотека насыясын берүү маселелери тууралуу Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазды. Анда Бишкек шаарынын сыртына көчүрүлгөн түрмөлөрдүн ордуна көп кабаттуу үйлөр курулуп, ипотекага берилерин билдирди.

“Былтыр 47-колонияны Молдовановка айылына көчүрдүк. Анын ордуна кичирайон салынып жатат. 1,5 жылдан кийин бүтөт. 5500 үй-бүлөгө Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу 20 жылдык мөөнөт менен ипотекага турак жай беребиз. Мындан сырткары Нарын, Талас, Жалал-Абад облустарында көп кабаттуу үйлөрдү салып жатабыз. Башка облустарда дагы долбоорлор даярдалып жатат. Аларды дагы МИК аркылуу кезекте турган жарандарыбызга беребиз. Өлкө боюнча "Менин үйүм - 2021-2026" программасына ылайык, 2026-жылга чейин 50 миңден кем эмес үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылабыз. Кийинки жылдарда Бишкектеги номур биринчи тергөө абагын дагы калаа сыртына көчүрөбүз. Ал жерге дагы кичи район түшөт”,- деп жазды Жапаров.

Февраль айында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөнова "Менин үйүм 2021-2026” программасын алкагында 6,2 млрд. сомго 2,5 миңден ашык үй-бүлө турак жай менен камсыз болгонун билдирген.

Буга чейин Жогорку Кеңеште ипотека насыясын берүүдө коррупция бар экени тууралуу бир канча жолу маселе көтөрүлгөн. Аталган компания мындай дооматтарды четке каккан.

Анда жаран электрондук кезекте тургандан тартып, банк анын арызын кабыл алганга чейинки ар бир кадам катталары, кайрылган жарандар жеке кабинети аркылуу ар бир этапты карап тура алары белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG