Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09

Авдеевкага урулган соккуда беш айлык наристе менен чоң энеси мерт болду


Авдеевка шаары буга чейин дагы бир канча жолу бутага алынган.
Авдеевка шаары буга чейин дагы бир канча жолу бутага алынган.

Орус армиясынын Украинанын Донецк облусуна караштуу Авдеевка шаарын аткылоосунан беш айлык наристе менен анын чоң энеси набыт кетти. Бул тууралуу аталган облустун аскердик администрациясынын башчысы Павел Кириленко Телеграм-каналына жазды. Анын ырасташынча, бул үй-бүлө коопсуз жайга убактылуу көчүп кетүүгө такыр көнбөй койгон.

Наристе менен анын 69 жаштагы чоң апасынын мерт болгону тууралуу маалыматты Башкы прокуратура дагы ырастады жана бул окуяга байланыштуу иликтөө башталганын билдирди.

Буга чейин Украинанын Башкы штабы Белогоровка, Бахмут, Авдеевка жана Марьинка согуштук аракеттердин очогу бойдон калып жатканын маалымдаган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 30-марттагы кечки видеокайрылуусунда Орусия басып кирген 400 күндөн бери Украина өзүн коргоонун "эбегейсиз жолун" басып өткөнүн айткан. Ал украин аскерлери Харьков облусунун райондорун, Херсон шаарын кайтарып алганын, Бахмутту, жалпысынан Донбассты коргоо улантылып жатканын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG