Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:35

Украина орусиялыктар катышкан спорт мелдештерине бойкот жарыялады


Көркөм сууда сүзүү боюнча Венгрияда өткөн мелдешке катышып жаткан украиналык спортчу кыз. 23-июнь, 2022-жыл.
Көркөм сууда сүзүү боюнча Венгрияда өткөн мелдешке катышып жаткан украиналык спортчу кыз. 23-июнь, 2022-жыл.

Украина өз спортчуларына орусиялыктар менен беларустар ойногон мелдештерге катышууга тыюу салды. Чечимди өлкөнүн министрлер кабинети кабыл алды. Бир катар федерациялар аны колдоп-кубаттады.

Тыюу 2024-жылкы жайкы Олимпиада оюндарынын квалификациялык мелдештерине да тиешелүү. Аны аткарбаган спорт федерациялары улуттук макамынан ажырашы мүмкүндүгү эскертилди.

Мындай чечим Эл аралык Олимпиада комитетинин резолюциясына жооп иретинде кабыл алынды. Комитет жакында Орусиянын жана Беларустун спортчуларын дүйнөлүк мелдештерге нейтралдуу макамда гана чыгарууну сунуштаган.

Украинадагы согуштан улам орусиялык жана беларусиялык спортчулар буга чейин эл аралык мелдештерге катышуудан четтетилген. Аны бир катар өлкөлөр кубаттаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG