Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Бишкектин Ленин районуна жаңы аким дайындалды


Мураталы Тагаев
Мураталы Тагаев

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун 31-марттагы жарлыгы менен Мураталы Тагаев борбор калаанын Ленин районунун акими болуп дайындалды.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Ленин районунун мурдагы акими Русланбек Тагаев 28-мартта мэрдин жарлыгы менен "башка ишке өткөнүнө байланыштуу" кызматтан алынган. Анын кайсы кызматка барганы маалымдалган эмес.

Мураталы Тагаев буга чейин Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда аким болуп бир жыл иштеген. Былтыр 13-мартта дайындалган бул кызматынан ал президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен бүгүн, 31-мартта бошотулду.

Мураталы Тагаев 45 жашта. Сузактын Барпы айылында туулуп- өскөн.

Жалал-Абад шаардык кеңешинин бир нече чакырылышынын депутаты, шаардык кеңештин төрагасы, Жалал-Абад шаарынын мэри болгон. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG