Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо өткөрүүгө 18,6 млн. сом сарпталат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутатын мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо өткөрүү үчүн сарпталуучу каражаттын сметасын бекитти.

Ага ылайык, жалпы 18,6 млн. сомдун ичинен 13,2 млн. сом Боршайкомдун чыгашасы, 5,4 млн. сом аймактык шайлоо комиссияларына берилет деп кабарланды.

Бул акчадан 96 техникалык кызматкердин эмгек акысы төлөнөт.

БШК 31-марттан тартып шайлоодо үгүт иштерин чагылдыруучу маалымат каражаттарынан аккредитациядан өтүү үчүн арыздар кабыл алына баштаганын эскертти. Арыздарды кабыл алуу 9-апрелде аяктайт.

Бишкек шаарындагы Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо быйыл 28-майда өтөт. Мындай жарлыкка президент Садыр Жапаров 29-мартта кол койгон.

Боршайком 27-мартта Жогорку Кеңештин депутаты, "Мекенчил" фракциясынын мүчөсү Жаныбек Абировду өзү жазган арызына байланыштуу мандаттан ажыраткан.

Жаныбек Абиров депутаттык мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымына жана Жогорку Кеңештин төрагасынын атына арыз жазган. Буга Бишкектеги ресторандардын биринде өзү катышкан мушташ себеп болгон. Окуядан 26 жаштагы күзөтчү мээси чайкалып, мурду сынып ооруканага түшкөн.

Милиция 13-мартта мушташка катышы бар деген шек менен эки адамды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген, Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козгогон.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG