Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:36

Нью-Йорктун арачылар соту Дональд Трампка кылмыш айыбын колдоду


Дональд Трамп
Дональд Трамп

Бейшембиде Манхэттен аймактык прокурору чакырган арачылар соту АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампты порноактрисага "үн катпаганы үчүн" 130 миң доллар бергенине байланыштуу айыптоо корутундусун бекитүүгө макулдугун берди. Эми бул ишти сот карайт.

Айыптоо корутундунун толук мазмуну Трамп Манхэттен сотуна келгенден кийин, айып ага расмий угузулган учурда белгилүү болот. Азырынча соттук териштирүү качан, кандайча өтөрү кабарланган жок.

Бирок мурдагы президент кармалса, сот залына колуна кишен салынган абалда келиши мүмкүн.

Бул АКШ тарыхында мамлекеттин башында турган адамга кылмыш айыбы тагылган алгачкы учур.

Дональд Трамп өзү арачылар сотунун бул чечимин "шайлоого тарыхый деңгээлде кийлигишүү жана саясий куугунтук" деп сыпаттады.

Байкоочулар бул ишти жүргүзүү прокуратура үчүн оор болорун айтышууда. Трамптын порноактриса Сторми Дэниелске төлөп берген акчасын "юридикалык кызмат көрсөтүү үчүн төлөндү" деп, салык кагаздарын жасалмалаганы - Нью-Йоркто мыйзамсыз болуп саналат.

Нью-Йорк прокуратурасы Трамп бул аракети менен федералдык шайлоо мыйзамдарын бузган деп бекемдөөдө. Бирок өз кезегинде федералдык прокуратура бул ишти иликтегенден кийин Дональд Трампты шайлоо мыйзамдарын бузду деп айыптоодон баш тарткан.

Кайрадан АКШ президенттигине республикачылар партиясынан талапкерлигин коюп жаткан Дональд Трампка мындай айып тагылышы - анын шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүсүнө жолтоо болбошу керек. Американын мыйзамдарында буга тыюу салынган эмес.

Кылмыш айыбы тагылуу коркунучу бир жагынан мурдагы президенттин тарапташтарынын биригүүсүнө жетишүүсүн шарттаса, экинчи тарабынан республикачыл шайлоочулардын бир бөлүгү башка талапкерди колдоону көздөп турушканы айтылууда.

Учурда Дональд Трамп кылмыш айыбы менен аякташы ыктымал болуп турган дагы эки иликтөөнүн каарманы.

Федералдык прокуратура Ак үйдөн чыгарылган жашыруун документтер анын Флоридадагы үйүнөн табылышы боюнча иликтеп жатат.

Жоржиянын аймактык прокурору Трамптын президенттик шайлоонун бул аймакта өтүшүнө таасир этүүгө аракеттенгенин иликтөөдө.

Ал эми Трамптын өзүнүн жана анын компаниясынын үстүнөн жазылган жарандык доо арыздар ондоп саналат.

Дональд Трамп 2017-2021-жылдары АКШ президенти болуп турган. Демократтар ал утуп чыккан шайлоону "Орусиянын кийлигишүүсү менен өткөн" деп сындашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG