Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Казакcтандын Жетыбай айылында 14 киши ачкачылык жарыялады


Жетыбай айылынын тургундары. Казакстан, 30-мартка караган түнү
Жетыбай айылынын тургундары. Казакстан, 30-мартка караган түнү

Казакстандын Маңгыстау облусунун Жетыбай айылында 13 киши кургак ачкачылык жарыялады. Дагы бирөө суудан да баш тартканын «Азаттыктын» казак редакциясы маалымдады.

Жетыбай мунай кенинин жанындагы айылдын 100 чакты жашоочусу 27-марттан бери жергиликтүү тургундарга вакансияларды көбөйтүүнү талап кылып, тынч акция өткөрүп келатат. Шейшембиде полиция активист, акцияга катышып жатакан Канат Койшыбаевге административдик иш боюнча чакыруу тапшырып кеткен. Тартип коргоочулар иш чараны мыйзамсыз деп аташууда. Дагы бир нече кишини полицияга чакыруу аракети болгон.

Буга чейин алар президент Касым-Жомарт Токаевге жана облус акими Нурлан Ногаевге кайрылуу жасап, ишке орношуу маселесине кийлигишүүнү өтүнгөн. Ошондой эле нааразылык акциясынын катышуучуларын куугунтуктоону токтотууга чакырышкан.

Нааразы тарап кенди иштеткен компания жетыбайлыктарды жумушка бир жылдык келишим менен эмес, пенсияга чыккыча ишке орноштурсун деп талап кылышууда.

Шейшембиде «Мангистаумунайгаз» компаниясы жолду тосуу автоунаа, атайын техниканын, жумушчуларды ташыган автобустардын кыймылына тоскоол болуп жатканын билдирген. Ошол эле маалда билдирүүдө акция тууралуу айтылган эмес. Компания социалдык маселелерди чечүүгө көңүл бурууда деген маалымат таратуу менен чектелген.

Аймактын жетекчилиги ачкачылык кармаган айыл тургундарынын талаптарына комментарий берген жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG