Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

УКМК Талас мэриясынын кызматкеринин диплому текшерилип жатканын маалымдады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Талас шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучунун Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине таандык делген диплому жасалма деп шек саналууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 30-мартта маалымдагандай, бул факты боюнча жасалма документтерди жасоого тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Таластын мэриясы жана жасалма диплом алган деп айтылган кызматкер маалымат бере элек.

Былтыр жыл башында УКМК мамлекеттик мекеме-органдарда иштеген кызматкерлердин дипломдорун жапырт текшере баштаган жана ал үч ай ичинде аяктарын билдирген. Башында текшерүүнүн жайынтыгы тууралуу маал-маалы менен маалымат берилип, тизмеде Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештин депутаттары, президенттин аймактагы өкүлү, судьялар, министрлик-мекемелерде, күч түзүмдөрүндө иштегендер бар экенин билдиргени менен алардын аты-жөнүн коомчулукка жарыялаган эмес.

Кочкор районунда дипломуна байланыштуу суракка чакырылган мугалим асынып алгандан кийин коомчулукта талаш-талкуу көбөйгөн.

УКМК 29-март күнү Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык факультетинин деканы болуп турган аял Ирактын эки атуулуна 12 миң долларга Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дипломун жасап бергени аныкталганын маалымдаган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG