Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:29

Пакистанда атышууда төрт полиция кызматкери окко учту


Полиция кызматкерлиринин зыйнаты. Лакки Марват, 18-декабрь 2022-жыл
Полиция кызматкерлиринин зыйнаты. Лакки Марват, 18-декабрь 2022-жыл

Пакистандын түндүк-чыгышында шаршембинин кечинде полициянын төрт кызматкери, арасында жогорку офицер окко учканын бийлик өкүлдөрү билдирди.

Жергиликтүү тартип коргоочулардын басма сөз катчысы “Машал” радиосуна маалымдагандай, куралчан адамдар Вазиристан чөлкөмүнө жакын жердеги Лакки Марват районунда полиция бөлүмүнө кол салганда ок атышуу тутанган. Аларга жардамга полициянын дагы бир тобу жөнөгөндө унаасына коюлган алыстан башкарылган бомба жарылып кеткен. Набыт болгондордон тышкары дагы бешөө жараат алды. Былтыр жыл этегинде да ушул эле полиция бекетинде төрт тартип коргоочу окко учкан.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти тыюу салынган Пакистандагы талибдердин уюму - Tehrik-e Taliban Pakistan өзүнө алды.

Акыркы маалда согушкер топ чабуулдарын күчөтүп жатат.

Былтыр 23-декабарда Исламабадда турак үйлөр жайгашкан районго жакын жерде жанкечти дүрмөттөлгөн машинесин жардырып, полициянын бир кызматкери мүрт кетип, кеминде 10 киши жараланган. Ошондо да кол салуу үчүн жоопкерчиликти Пакистандагы талибдердин тобу алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG