Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:11

Орусияда The Wall Street Journal гезитинин журналисти тыңчылыкка шектелип кармалды


Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы The Wall Street Journal гезитинин журналисти Эван Гершкович тыңчылыкка шектелип кармалганын билдирди. "Азаттыктын" орус кызматы жазганына караганда, атайын кызмат ал АКШнын тапшырмасы менен аскердик өнөр жай комплексинин ишканаларынын бири тууралуу маалымат чогултуп жүргөн деп эсептейт. Кайсы ишкана экени айтылган жок.

"Медуза" журналисттин кесиптешине шилтеме берип, ал Нижний Тагил шаарына барып кеткенин билдирди. Ал жерде танк чыгарган завод орун алган.

30-мартта Орусияда алты жылдай иштеп жүргөн журналист “Вагнер” компаниясы тууралуу материал даярдап жүргөн жеринен Екатеринбург шаарында дайынсыз жоголгону белгилүү болгон. Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар шаар борборунда бир кишини кармап кеткен. Болжол менен ал Гершкович болчу.

The Wall Street Journal бул окуяга байланыштуу комментарий бере элек.

Журналист мурда Agence France-Presse, The Moscow Times жана The New York Times басылмаларында иштеген. Анын акыркы макаласы 28-мартта жарык көргөн.

Тыңчылык айыбы боюнча Орусияда 12-20 жылга чейин абакка кесүү каралган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG