Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Казакстандан өз алдынча мыйзамсыз май ташыган айдоочулар кармалды


Желим идиштерге куюлган бензин.
Желим идиштерге куюлган бензин.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы машинасына кошумча бак орнотуп, Казакстандан күйүүчү май ташыган 36 айдоочу кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, анын 29у жеңил автоунаа, жетөө жүргүнчү ташыган автобустар.

Бул унаалардын баары убактылуу айып жайына токтотулуп, “Укук бузуулар” Кодексине ылайык 5500 сомдон айып пул салынды. Андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн, ыкчам тергө тобу менен Салык кызматы чакырылган.

Аталган башкармалыктын кызматкерлери жыл башынан бери мыйзамсыз ташылып жана сатылып жаткан 24 тонна күйүүчү майды аныкташкан.

Кийинки күндөрү Токмокто, айланма жолдо, Маевка айылы тарапта, башка бир катар жерлерде жол бою желим идиштерге бензин куюп саткандар көбөйдү.

Алардын баасы мунай бекеттерине караганда 4-5 сомго арзан, бирок эл анын сапаты төмөнүрөөк деп эсептейт.

Казакстандан аткезчилик жол менен мунай ташылып жатканын буга чейин "Азаттыкка" сатуучулар билдиришкен.

Алар коңшу турган Казакстандын чек арасынан өткөндө эле мунай баасы Кыргызстандан 15 сомдой арзан экенин айтышат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG