Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:01

Гросси Запорожье АЭСиндеги абал менен таанышты


Рафаэль Гросси Запорожьеде. 29-март 2023-жыл
Рафаэль Гросси Запорожьеде. 29-март 2023-жыл

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директору Украинадагы Запорожье атомдук станциясына барып кетти. Рафаэль Гросси Европадагы эң ири АЭСтеги коопсуздук абалы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Рейтер агенттиги жазды. Станцияны ушу тапта орус аскерлери ээлеп турат. Маалыматка караганда, Гросси Киев менен Москва станцияны коргоо жаатында макулдашуу түзсүн деген аракет көрүүдө.

Орусиянын көзөмөлүндөгү аймакта сүйлөгөндө ал ишканадагы абал жакшырбаганын, АЭСке жакын жерде салгылашуулар күчөп жатканын билдирди. Гросси кырсык коркунучун азайтуу керектигин белгиледи.

Маалымат каражаттары кабарлагандай, станция былтыркы сентябрдан бери электр энергияны өндүрбөйт. Ошондо ядролук авария коркунучунан улам агенттик башчысы Запорожьеге барып кеткен. МАГАТЭнин байкоочулары былтыркы күздөн бери такай станцияда жүрөт.

Дүйшөмбүдө Гросси украин президенти Владимир Зеленскийге жолугушкан.

Ушу тапта реакторлор эрип кетпесин деп, АЭС муздаткыч системасына зарыл болгон энергия менен камсыздалат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG