Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

Оштогу киши өлтүрүүгө байланыштуу тогузунчу шектүү кармалды


Ош шаарында адам өлтүрүүгө шек саналып издөөдө жүргөн дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады.

Маалыматка караганда, кармалган адам киши өлтүрүүгө катышкан уюшкан кылмыштуу топтун негизги мүчөлөрүнүн бири. Ал күнөөнү моюнуна алган көрсөтмө берген.

Милиция кылмышка шектүү бир жаран издөөдө экенин билдирди.

13-январда Ош шаарында белгисиз бирөөлөр бир кишини арматура менен койгулап жатканы тартылган видео коомчулукта катуу талкуу жараткан. Үрөй учурган бул окуяда бир адам өлүп, дагы бир киши катуу жабыркаганы маалым болгон.

Бул кылмышка шек саналгандар арасында "Женго" деген каймана ысым менен таанылып, буга чейин оор беренелерге айыпталып, бир нече жолу соттолгон Кадыр Досонов да бар.

ИИМдин маалыматына караганда, уюшкан кылмыштуу топтун 1199 мүчөсү каттоодо турат. 2022-жылы алардын 153 мүчөсү кармалган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG