Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Муфтият ажыга баруу алдында эмдөөдөн өтүү керектигин эскертти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ажылык сапарына бара турган жарандарга кайрылып, COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөнү тууралуу сертификат талап кылынарын эскертти.

Маалыматка караганда, Сауд Арабия падышалыгынын Саламаттык сактоо министрлигинин талаптарына ылайык эмдөө алгандыгы тууралуу маалымат ар бир ажылыкка баруучу талапкердин делосуна тиркелет.

Муфтият эмдөө сертификаты жок жарандар ажылыктын тизмесинен чыгарыларын эскертти.

Буга чейин муфтий Замир Ракиев ажылык сапар тийиштүү деңгээлде даярдалып жатканын, уюштуруу боюнча республикалык штабга түрдүү мекемелердин отуздай өкүлү киргенин президент Садыр Жапаровго жолукканда айткан.

Быйыл ажылык сапар июнь айынын соңунда башталат. Сауд Арабия Кыргызстанга 6110 орун берген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG