Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:55

ӨКМ Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган тургундар көчүрүлөрүн билдирди


Тургундарды коопсуз жайга көчүрүү. 29-март, 2023-жыл, Жалал-Абад.
Тургундарды коопсуз жайга көчүрүү. 29-март, 2023-жыл, Жалал-Абад.

Жалал-Абад облусунда кооптуу аймакта жашаган тургундар жапырт коопсуз жайга көчүрүлөт.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, жаз мезгилинде кооптуулук күч алган жер көчкү, суу ташкыны жана таш кулоо коркунучу бар аймактарга адистер изилдөө жүргүзүшкөн.

Облустук жана райондук жарандык коргонуу көчүрүү комиссиялары тартылып, турак жай ээлерине көчүүнү эскертишкен.

Жалал-Абад облусунун аймагында 1169 үй-бүлө кооптуу аймакта күн өткөрүп келет, алардын басымдуу бөлүгү Сузак жана Базар-Коргон районунун жашоочулары.

23-мартта Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда жер көчкүгө байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланып, Карл Маркс айылынын 195 тургуну Куршаб айылына көчүрүлгөн.

ӨКМдин маалыматына караганда, Кызыл-Күңгөй тилкесинде 22-мартта таңга маал болжол менен 1 млн. метр куб жер көчкү түшүп, 18 турак жайга коркунуч пайда болгон. Коопсуз жайга көчүрүлгөн тургундар үчүн 18 чатыр тигилген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG