Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:55

Кыргыз-кытай чек арасында жүк ташыган автоунаалардын кезеги көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 29-мартта “Эркечтам-Унаа жол” чек ара бекетинде жүк ташуучу машиналардын кезеги пайда болгону тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, мамлекеттик чек ара бекеттери штаттык режимде иштеп жатат. Аталган мекеме кезек күткөндөрдүн көбөйүшүн Кытай тарап кыргызстандык айдоочуларга виза берүүнү көбөйткөнү жана аба ырайы жылый баштаганы менен байланыштырды.

Маалыматта жүк ташуучулардын көбөйүшү менен “Эркечтам-Унаа жол” чек ара бекетинин жеке курамы нормадан ашык иштеп, күнүнө 300 машина өткөрүлүп жатканы белгиленген. Бул чек ара бекетинин мүмкүнчүлүгүнөн кыйла көп.

Чек ара кызматы айдоочуларды бул жагдайга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Буга чейин Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жыл башынан бери кыргызстандык 1,4 миң айдоочуга Кытайдын визасы берилгенин маалымат жыйында билдирген. Бул 2019-жылга караганда кыйла көп. Элчи Кытай чет өлкөлүктөргө, анын ичинде кыргыз жарандарына виза берүүдөгү чектөөлөрдү алганын, мындан улам виза алуу үчүн суроо-талап жогорулаганын айткан.

Кытай 2020-жылы COVID-19га байланыштуу визага чектөө киргизген. Вируска кабылган биринчи бейтап 2019-жылдын аягында Ухань шаарында аныкталган. Пандемия башталганда Кытай тышкы дүйнөдөн обочолонуп, вирустун жайылышын алдын алуу үчүн катаал чектөөлөрдү жарыялаган.

Расмий маалыматка караганда, пандемиянын кесепетинен Кытайдан Кыргызстанга импорт эки эседен көп өлчөмдө азайган. Чек арадан өткөн жүк ташуучу машинелердин саны 10 эсе кыскарган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG