Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:29

Кыргызстан жылуулук сезонунда Орусиядан электр энергиясын сатып алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Орусия 2023-2024-жылдагы жылуулук сезонунда 875 млн. кВт. саат электр энергиясын импорттоо боюнча макулдашууга кол койду.

Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 29-мартта Бишкекте өткөн жыйынында билдирди.

Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, электр энергиясын жеткирүү боюнча узак мөөнөттүү келишим “Бишкек Солар” жоопкерчилиги чектелген коому, “Юнигрин Энержи” компаниялар тобу жана “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун ортосунда түзүлдү.

Бишкекте өткөн кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынында жети документке кол коюлду.

Анын арасында Кыргызстанга орус тилинде билим берген мектептерди куруунун шарттары, мамлекеттик каттоо тармагында кызматташуу, электр энергиясын импорттоого багытталган макулдашуулар бар.

Жыйындын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанга жалпы билим берүүчү тогуз мектептин курулушуна байланыштуу макулдашууга кол коюуну тарыхый окуя деп баалаган.

Анын айтымында, өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 40,8% өсүп, 3 млрд. 234 млн. долларды түзгөн.

Өкмөт аралык комиссия Кыргызстан Орусия жетектеген Евразия экономикалык биримдигинин толук укуктуу мүчөсү болгондон кийин биринчи жолу уюштурулду. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG