Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Орусиянын аскерлери ээлеп алган Мелитополдо бир нече жарылуу болду


Мелитополь, 2023-жылдын 23-мартындагы жарылуудан кийин тартылган сүрөт.
Мелитополь, 2023-жылдын 23-мартындагы жарылуудан кийин тартылган сүрөт.

Украинанын Запорожье облусундагы Орусиянын аскерлери көзөмөлдөгөн Мелитополь шаарында шаршембиде бир нече жарылуу болду. Анын артынан бир катар райондордо жана жака-белиндеги айылдарда электр жарыгы өчүп калды. Шаар бийлиги украин армиясы сокку урганын билдирди. Бирок кандай курал колдонулганын тактаган жок. Мелитополь майдан тилкесинен 60 километр алыс жерде орун алган.

Украиналык RIA Melitopol басылмасы жазганына караганда, жергиликтүү тургундар шаардын түндүк тарабында жана аскердик аэродром жакта бери дегенде 10 жарылуунун добушун угушкан.

Шаардын украиналык мэри Иван Федоровдун айтымында, жарылуулардын бири поезд депосунун жанында болгон. Кийин бул маалыматты Орусия дайындаган бийликтин өкүлдөрү бышыктады. Жабыркагандар жок экени кабарланды. Күбөлөр Мелитополдун аэродромун орус аскерлери өзүнүн негизги аба майданы кылып алганын айтышат. Ал депого жакын жайгашкан.

Орус армиясы Херсон шаарынан чегингенде түштүк фронтунун командачылыгы Мелитополго көчүрүлгөн. Акыркы кездерде ал жакта диверсиялар, орус бийлигинин өкүлдөрүнө кол салуулар болгону кабарланып келет.

Мелитополду былтыр марттын башында орус аскерлери ээлеп алган. Былтыр 30-сентябрда орус президенти Владимир Путин шаар жайгашкан Запорожье облусун жана кошуна мамлекеттин дагы бир нече аймагын Орусияга кошуп алуу тууралуу жарлыкка кол койгон.

Дүйнөлүк коомчулук бул аракетти "мыйзамсыз аннексия" деп атап, кескин айыптап келүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG