Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Мурдагы милиция кызматкери баңгизат сатуу, даярдоого шектелүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын айылдык милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, А.М.К. аттуу милициянын капитаны баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу, мыйзамсыз даярдоого шектелүүдө. Ал буга чейин козголгон кылмыш иштин алкагында эл аралык жана мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.

Биринчи май райондук соту Бишкек шаарында жашырынып жүргөн шектүүнү сырттан камакка алган.

Шектүү тараптан комментарий боло элек.

Атайын кызмат 24-мартта Бишкектин Биринчи май райондук милициясынын кызматкерлери опузалап акча талап кылууга шектелип кармалганын билдирген.

УКМК Биринчи Май райондук милиция кызматкерлеринен жапа чеккендерди кайрылууга чакырган.

Былтыр 24-декабрда атайын кызмат Кочкордо "мыйзамдагы ууру" атыккан Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыш тобунун мүчөлөрү менен байланышы бар деген шек менен 10 кишини кармаган. Анын бешөө милиция кызматкери, калганы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экенин жарыялаган. Көп өтпөй үч милиция кызматкери бошотулган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG