Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Франциянын Улуттук ассамблеясы Голодоморду украин элинин геноциди деп тааныды


Голодомор курмандыктарына арналган эстелик. Киев
Голодомор курмандыктарына арналган эстелик. Киев

Франциянын Улуттук ассамблеясы 1932-33-жылдары болгон Голодоморду украин элинин геноциди деп тааныган резолюцияны кабыл алды.

Парламенттин төмөнкү палатасындагы добуш берүүдө документти 168 депутат колдоп, экөө каршы болду.

Резолюцияда бери дегенде 4 миллион украиндердин өмүрүн алган Голодомор атайлап жасалганы айтылат.

Буга чейин АКШ, Германия, Молдова, Румыния, Болгария парламенттери жана Ирландиянын сенаты ушундай эле документ кабыл алган.

Былтыр декабрда Европа парламенти ал окуяларды тукум курут деп тааныган жана Орусиянын украин элине каршы азыркы кылмыштарын айыптаган.

Голодомор советтик бийлик украиналык дыйкандардан азык-түлүк запастарын тартып алуу жана дан азыктарына байланышкан саясатын киргизгенде келип чыккан.

Натыйжада миллиондогон киши көз жумган, так саны белгисиз. Тарыхчылардын көбү бийлик советтик Украинада атайлап ачарчылык уюштурган деп санашат. Украина парламенти 2006-жылы Голодоморду геноцид деп тааныган.

Орусия бийлиги 1930-жылдардагы окуяларды ушинтип сыпаттоого каршы чыгууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG