Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:19

Бакуда Ирандын Азербайжан боюнча саясатын сындаган депутатка кол салуу болду


Азербайжан парламенти
Азербайжан парламенти

Азербайжандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы 29-мартта билдиргенине караганда, депутат Фазил Мустафанын өмүрүнө кол салуу болду. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун азери редакциясы жазды.

Ок анын ийинине жана бутуна тийип ооруканага жеткирилди. Коопсуздук кызматы шейшембинин кечинде депутаттын үйүнун жанында болгон окуяны “теракт” деп сыпаттап, тергөө иштерин баштады. Мустафа бийликке лоялдуу Boyuk Qurulus партиясынын парламенттеги жападан-жалгыз өкүлү. Депутат Ирандын Азербайжан боюнча саясатын катуу сындап жүргөнү менен белгилүү.

Бийликтеги “Жаңы Азербайжан” партиясынын депутаты Ишти Маммадов 27-январдагы окуядан кийин кол салуунун артында Иран турганынан күмөн санабасын айтты.

Ал күнү Азербайжандын Тегерандагы элчилигине кол салууда бир киши каза таап, эки адам жарадар болгон.

“Кол салган киши элчиликтин күзөт бекетине кирип келип, күзөт кызматынын жетекчисин Калашников автоматынан атып салган”, – деп маалымдаган Баку.

Ирандын Tasnim маалымат агенттиги Тегеран полициясына таянып, шектүү элчиликке эки кичинекей баласы менен келгенин, “жеке маселесинен улам ушундай кадамга барган болушу ыктымал" деп жазган.

Соңку окуяга байланыштуу Ирандын Бакудагы элчилигинен комментарий алуу мүмкүн болбогонун "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун азери кызматы маалымдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG