Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:48

Кемпир-Абад иши: Улукбек Маматаев ооруканадан тергөө абагына которулду


Улукбек Маматаев сотто. Февраль, 2023-жыл.
Улукбек Маматаев сотто. Февраль, 2023-жыл.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, тергөө абагына камалган "Бириккен демократиялык кыймылдын" мүчөсү Улукбек Маматаев операциядан кийин кайрадан тергөө абагына которулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Аскат Эгембериев "Азаттыкка" билдирди.

Маалыматты Улукбек Маматаевдин адвокаты Асел Аргымбаева ырастады.

"Ооруканадан бүгүн эле чыкты. Аны кайра эле тергөө абагына алып кетишти. Бирок врачтар аны саламаттыгына байланыштуу дагы медициналык кароодо болушу керек дешти. Мен учурда №1 тергөө абагынын жетекчисине кат жазып, Маматаевди Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнө которуусун сурандым. Азырынча жооп ала элекмин", - деди адвокат.

Былтыр октябрдын аягынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында камалып турган Улукбек Маматаев ден соолугу начарлап, 15-мартта эртең менен ооруканага которулган. Ошол эле күнү ага операция жасалган.

Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандар 27-мартта көз карандысыз дарыгерлерден турган комиссия түзүүнү суранып, Акыйкатчыга, Кыйноолорго каршы улуттук борбор, укук коргоо уюмдары менен жалпыга маалымдоо каражаттарына кат жолдошкон.

Тергөө абагындагы саясатчы Клара Сооронкулова оор операциядан кийин өпкөсү кагынып, чукул дарыланууга муктаж экенин адвокаты маалымдаган. Сооронкуловага 20-февралда ооруканада дарыланууга уруксат берилген жана анын операция болгону кабарланган. 15-мартта кайра тергөө абагына которулган.

Буга чейин ооруканада дарыланган Мамбетжунус Абыловдун, Равшан Жээнбековдун ден соолугу толук калыбына келе электе эле абакка которулганын алардын жактоочулары маалымдаган. Чыңгыз Капаров, Илгиз Шаменов, Таалайбек Мадеминов да дарыланууга муктаж экени кабарланган.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган ​Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын адам 2022-жылдын 23-октябрында кармалган. Алардын 20дан ашыгынын абактагы мөөнөтү 20-апрелге чейин узартылган.

Милиция кармалгандар бийликти басып алууга аракет кылганын билдирген. Камактагылар муну бийликти сындаганы үчүн саясий куугунтук деп атоодо. Бир катар эл аралык уюмдар Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын иши калыс кароого чакырган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG