Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:16

Экс-депутаттын уулуна алданганын айткан тарап сот чечими аткарылбай жатканын билдирди


Соттун чечими менен жабырлануучу тарапка өткөрүлгөн үй.
Соттун чечими менен жабырлануучу тарапка өткөрүлгөн үй.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Саматбек Ибраевдин уулу Данияр Ибраевге алданганын айткан тарап келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча сот чечими аткарылбай жатканын билдирди.

Бишкек шаарындагы Предгорная көчөсүндөгү №24 жана №26 дарегиндеги үйлөр 2021 жана 2022-жылдары Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен жабырлануучу тарапка өткөрүлгөн.

Үйдүн документтери да жаңы ээсине катталганын жабырлануучунун юристи Сталбек Токтомамбетов билдирди. Ал бүгүн, 29-мартта үйдү бошотууга милиция кызматкерлери келбей койгонун айтты.

“Үйдү бошотуу боюнча сот чечим чыгарган. Бүгүн (ред: - 29-мартта) сот аткаруучулар келди, милиция жок. Ушуну менен экинчи жолу келбей коюшту. Мындан он күндөй мурда да келип кеткенбиз”, - деди Токтомамбетов.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги жана Ибраевдин жакындары комментарий бере элек.

Данияр Ибраевге бир нече алдамчылык аракеттерин жасагандыгы үчүн 2019-жылдын декабрь айында Бишкек шаардык милициясы кылмыш ишин козгогон. Ал ири курулуш компанияларынын жетекчилеринин ишенимине кирип, курулуш материалдарын ташып берүүнү убада кылып, 19 821 000 АКШ долларын алган. Акчаны алгандан кийин изин жашырып кеткен.

2020-жылдын февраль айында Ибраевге Интерпол аркылуу издөө жарыяланган. Ошол жылы 27-февралда Болгариянын баш калаасы Софиянын борборунан кармалып, камакка алынган.

Андан соң Ибраев адам укуктары боюнча Европалык сотко, андан сырткары Болгариянын компетенттүү органдарына кайрылып, укугу корголо турган өлкөнү издеп жүргөнүн билдирген. Адвокаттар экстрадициялоо боюнча чечимге каршы арызданышкан. Апелляциялык сот аны үй камагына чыгарган.

Былтыр майда Болгариянын Варна шаарынын райондук соту аны камакка алууга чечим чыгарган. Бирок Ибраевдин кайда жүргөнү белгисиз болгон. Аны кармоо боюнча Кыргызстандын ИИМи быйыл 18-январда Интерполго кайрадан кайрылып, Ибраев Болгарияда кармалганы белгилүү болгон.

31 жаштагы Данияр Ибраев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Саматбек Ибраевдин уулу. Бишкекте ата-бала Ибраевдерге акчасын алдатып жиберген ондогон киши митинг өткөргөн. Экс-депутат андай айыптарды төгүндөгөн.

Бишкек шаардык милициясы 2020-жылы бир нече курулуш компаниясынын өкүлдөрү Данияр Ибраевдин үстүнөн арыз менен кайрылганын билдирген. Милициянын маалыматы боюнча "Ибраев жети курулуш компаниясын 507,3 миллиондон ашуун сомго алдап кеткен" деп шек саналууда. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG