Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Орусия жана Беларустун спортчуларына нейтралдуу макамда чыгуу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык Олимпиада комитети (ЭОК) Орусиянын жана Беларустун спортчуларын дүйнөлүк турнирлерге нейтралдуу макамда гана чыгарууну сунуштады.

Мындай чечим уюмдун Лозанна шаарында шейшембиде өткөн отурумда кабыл алынды.

Ага ылайык, аталган эки өлкөнүн спортчулары беттештерге төмөнкүдөй шарттар менен гана чыга алат.

- нейтралдуу макамда, өлкөсүнүн желек, гимн жана башка эн белгилерин колдонбошу керек;
- командалык беттештерге кое берилбейт, жеке чыгууга укуктуу;
- Украинага кол салууну кубаттабашы керек;
- Спортчу куралдуу күчтөрдүн же күч мекемелеринин өкүлү болбоого тийиш.

Спортчулар Орусия жана Беларустун желегин же башка атрибутун алып жүрүүгө укуксуз. Кайсы бир өлкөнү эмес, өзүн гана тааныштырат.

Азырынча бул сунуштар 2024-жылы Парижде жана 2026-жылы Миланда өтүүчү Олимпиада оюндарына тиешеси жок. ЭОК бул оюндар боюнча чечим кийин кабыл алынарын билдирди.

Sports.ru. сайтынын маалыматына караганда, көптөгөн орусиялык жана беларус спортчулары куралдуу күчтөрдүн же күч органдарынын кызматкерлери.

Алардын ичинде – фигурист Александра Трусова, лыжачылар Александр Большунов жана Алексей Червоткин, биатлонист Эдуард Латыпов, бийиктикке секирүү мелдешинде таанымал Мария Ласицкене жана башкалар бар.

Орусиянын Олимпиадалык комитети ЭОКтун "нейтралдуу макамда чыгуу" чечимин "улутуна карап басмырлоо" деп сыпаттады. Ал эми командалык оюндарга тыюу салынуусун "спортчуларды паспортуна карап басмырлоо гана эмес, оюндар боюнча да басмырлоо" деп билдирди. Комитет мындай сунуштар орусиялык жана беларус спортчуларынын эл аралык беттештерге кайтуусуна шарт түзбөйт деген пикирде.

Орусия Украинага кол салгандан кийин Орусиянын жана Беларустун спортчулары эл аралык мелдештерден четтетилген. Быйыл январда ЭОК бул эки өлкөнүн спортчулары эл аралык мелдештерге Украинадагы согушту колдобосо жана допинг колдонбосо катышууга уруксат берүүнү сунуштаган.
Февраль айында 35 өлкө, анын ичинде Британия дагы орусиялык жана беларустук спортчулардын дүйнөлүк беттештерден чыгарууну колдорун билдиришкен.

Былтыр декабрда орус жана беларус спортчуларга 2024-жылы өтүүчү Олимпиадага нейтралдуу макамда катышууга уруксат берүүнү АКШнын Олимпиада комитети жана ЭОКтун президенти Томас Бах сунуштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG