Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:55

"Уулдуу болгусу келген". Мүлк талаш көп аялдуулук маселесин козгоду


Чаткал району, архивдик сүрөт.
Чаткал району, архивдик сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда Жогорку Сотко чейин жеткен мүлк талаш мураскер, экинчи аял жана укукка байланыштуу маселени козгоду.

Мындан үч жыл мурда Нурзат Акматова мураскер экенин айтып атасынын көзү өткөндөн кийин анын расмий никеге турбаган экинчи аялы Наркан Назарматованы сотко берген. Райондук сот менен Жогорку Сот доогердин пайдасынан чечим чыгарган. Жоопкер тарап болсо сот адилетсиздик кылганын, мүлк тууралуу негизги жагдайды эске албаганын айтып жатат.

Юристтер соңку кездери кыргыз коомчулугунда мураскер, экинчи аял жана алардын балдарынын укугуна байланыштуу маселелер көбөйгөнүн белгилешет.

"Уулдуу болгусу келген..."

Чаткал районунун Чакмак-Суу айылынын тургуну Наркан Назарматованын айтымында, ал 2011-жылы раматылык Имакул Акматовго экинчи жубай катары баш кошкон жана чогуу эки балалуу болгон. Акматовдун биринчи аялынын бир эле кызы болгондуктан дагы балалуу болуу үчүн, уул самап үйлөнгөн. Акматов 2020-жылкы пандемияда коронавирустан каза болгон. Мындан көп өтпөй эле маркумдун расмий никедеги жубайы менен кызы мүлк талашып, аны сотко берген.

"Ал (маркумдун биринчи жубайы) мени өзүнүн макулдугу менен алып берген, күйөөсү дагы балалуу болуп калсын деген. Күйөөмдүн көзү өткөндөн кийин үй талашып, мүлк талашып үч жылдан бери соттошуп жатабыз. Сотто балдарга малдын дагы, үйдүн дагы 25% тийди. Бирок бизде мал жок. Бул күйөөмдөн бир уул, бир кызым бар, алар 5-класста жана 3-класста окушат. Биринчи жолдошумдан дагы бир кыз, бир уулум бар. Кызым турмушка чыккан, уулум колумда. Биринчи аялы деле күйөөгө тийип кеткен, барып эле башкага тийип кеткен. Сотто "мен тийген эмесмин" деп эч моюнуна албай койду".

Наркан Назарматованын абысыны Махабат Эшенкулованын билдиришинче, сот аткаруучулар жоопкер тараптан жок малды өндүрүп берүүнү талап кылып жатат.

"Экинчи аялы бечара, мектепте пол жууп иштейт. Анын айлыгын дагы биринчи аялы алат экен, сотто чегертип алыптыр. Маркумдун биринчи аялынын кызы үй-жайлуу болуп бөлүнүп кеткен, атасы менен он жыл чогуу жашабаган апасы экөө келип алып жок малды "таап бересиңер" деп атат. Сот аткаруучу "мен 30-мартта ишти жабышым керек, Жогорку Соттун чечимин аткарышым керек" деп айтыптыр. Кайнагам экинчи аялды биринчи аялынан уулдуу болбой алган эле. Анан ал коронавирустан каза болуп калып жатпайбы. Экинчи аялы менен никесин каттаткан эмес экен. Биринчи аялы деле ажырашпай туруп башкага турмушка чыгып кетиптир. Мектептен жеке делосунда күйөөсү деп катталып жүргөн документти алдык. Сот бирок ага деле караган жок. Ал ажырышап кетип жатканда 50 кой алган, машине алган деп эл күбө өткөн. Сотто анын дагы күйөөгө тийгенин эске алгыла, эки жетим баланын тагдырын ойлогула" деген күбөлөрдүн дагы көрсөтмөсүн эске алган жок. Экинчи аялынын, балдарынын укугу тебеленип жатат".

"Азаттык" экинчи тараптын дагы жүйөсүн укту. Маркум Имакул Акматовдун кызы Нурзат Акматова атасынын мүлкүн талашып сотко кайрылган себебин айтып берди.

"Менин апам менен атамдын 40 жыл бирге жашагандыгы тууралуу нике күбөлүгү бар, алар ажырашкан эмес. Экөөнүн жалгыз баласы менмин. Мен өзүм деле балалуу-чакалуу болуп калганмын. Назарматова деген атамдан "боюмда болуп калды, милицияга берем, асынып өлөм" дей бергендиктен, атам апама "кызымдыкында барып жашап турсаң, милицияга жеткирбей ал-бул кылбай, бул иштер токтоп калгандан кийин сени кайра алып келем" деп меникине жөнөткөн. Мен жалгыз эле кыз болгондуктан, атамдын уулу болбогондуктан, мейли эми уулдуу болсун деп апамды кайра жөнөткөн эмесмин. Атамдын кант диабети бар эле, 2020-жылы коронавирустан каза болуп калды. Атам каза болгондон кийин эле экинчи аялы биринчи күйөөсүнөн төрөгөн баласы экөө малды сатып салышыптыр. Бизге айылдагылар, кошуналар чалып, "малыңарды сатып жатат, келбейсиңерби, карабайсыңарбы" деп айтышты. Менин бала-чакам бар, кудайга шүгүр жашайм, апамды азыр деле өзүм багып алам. Бирок менин атамдан калган үйлөрдү тебелетип, ар нерсе кылып жатканы бизге жаккан жок. Чындыгында адам өчөшөт экен. Менин атамдын катар-катар үйлөрү турса тебелешет, ыпыр-сыпыр кылышат, атамдан калган малды каалагандай сатат. Апама "сиздин деле ала турган үлүшүңүз бар да, алчусун алалы" деп чындыгында сотко кайрылдык".

Нурзат Акматова апасы башка бирөө менен баш байлаганы тууралуу сөздөрдү дагы жокко чыгарды.

"Ала-Букада баланча деген айылга турмушка чыгыптыр деп ошол айылдын аймактык милицияларына беришкен, алардын эки адвокаты болгон, алар дагы текшерип чыккан. Жалпысынан тогуз жолу сот болду, тогузунда тең бул аныкталган эмес. Аныкталса чыгат эле го. Менин апам кыргыз тили мугалими, меникине келгенде иш караштырып райондук билим берүү башкармалыгына кайрылсак башка, өзбектер көп жашаган айылга кыргыз тили мугалими керек экен. Ошол жактагы туугандарыбыздын үйүндө катттоого туруп, ошол жакта иштеп жүрдү. Ал жерде чоң киши болбосо апам кимге тиет? Жаш баласына, небересине тиеби? Жөн эле бирөөлөрдү күнөөлөй бербеш керек".

"Жок мал, бар мал"

Айрым айылдыктар сотто күбө катары көрсөтмө берген. Чакмак-Суу айылынын башчысы Каныбек Орозматов маркумдун сотто доогер тарап көрсөткөн малы болбогонун айтып жатат.

"Талаш маркум өлгөндө эле, кыркы өтө электе эле башталды. Эл дагы алардан жадап калды чынында. Биз Жалал-Абадга чейин барып келдик, биз деле жадап калдык. Сотто "мыйзам ушундай" деп эле мыйзамга такап койду. Маркум колунда бар, түзүк эле жашачу, менин тууганым болуп кетет. Кичине малы бар эле, ал деле өзүнүн тажыясына, ашына, жылдыгына деп союлуп, малы деле калган эмес".

Чаткал райондук соту 2021-жылы 5-ноябрда доогердин арызын канааттандырган чечим чыгарган. Жалал-Абад облустук соту 2022-жылы 8-февралда айыпталуучулардын маркумдан мал калган эмес эмес деген жүйөсүн канааттандырган.

Ошол сот жараяндарында айыпталуучу Наркан Назарматованын адвокаты болгон Сыргабек Акназаров райондук сот айыпталуучу тараптын бир дагы жүйөсүн эске албаганын айтат.

"Доогер тарап кандай арыз жазса, райондук сот ошол арызды толугу менен канааттандырып койгон. Биз сотто далилдердин баарын келтиргенбиз. Сот эч нерсени эске албай, доогер кандай арыз берсе, чечимди ошондой кылып эле чыгарып койгон. Макул, үй боюнча маселе жок, үйү турат. Баалоочулар анын баасын чыгарыптыр. Айыл өкмөттүн чарбалык китепчесинен алган маалымдамага таянып туруп жок малды өндүртүп алган. Биз ушуга нааразы болгонбуз. Мал деген азыр жок, ал деген бир күнү бар болот, бир күнү жок болот. Жолдошу коронавирус болуп калганда малды сатып анын дары-дармегине жумшалган, кийин каза болгондо анын тажыясына жумшалган деп бардык далилдерди келтиргенбиз. Ага карабастан айыл өкмөттөн алынган маалымдама менен эле сот арызды канааттандырып койгон. Биз Жалал-Абад облустук сотуна кайрылганбыз. Облустук сот биздин аппеляциялык арызыбызды канааттандырып, малды жок деп берген. Наркы тарап Жогорку Сотко жазган ".


Жогорку Сотто бул ишти карап, 2022-жылы 26-июлда райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Доогер Нурзат Акматова болсо атасынан бир топ мал-жан калганын билдирип келет.

"Чаткалдын соту жакшы чечим чыгарып берди. Сот болуп жатканда айыл өкмөттө мал санак жүргүзгөн адамдар отурду, кадастр отурду. Аларды дагы, бизди дагы суракка алды, күбөлөр көрсөтмө берди. Алар болсо сотко бир машине күбө алып келди. Жоопкер Назарматова бир машине күбө алып келди. Мени колдоп бир күбө сүйлөбөй койду, мүлк чаткалдыктарга калсын дешти, алар ушундай ойдо жүрүшөт экен. Менин апам Оштун Өзгөнүнөн болот, бизге эч ким күбө болуп берген жок. Облустук сот болсо алардын пайдасына чечим чыгарды. Жогорку Сотто каралганда булар дагы бир машине күбө алып барып, баягыдай эле жалган сүйлөштү. Айыл өкмөттөн мал тууралуу башкача маалымдама даярдап алып барышыптыр. Мен ошол жерде ыйладым. Атам өлөрү менен малы тууралуу маалымдаманы биринчи мен алгам, ошондо туура бергенсиңер, эки жыл өткөндөн кийин бурмалап берип жатат деп айттым. Алар алигиче бизди ушинтип какшатып атышат, сот туура эмес чечим чыгарып койгон болсо кудай деле турат. Сот аткаруучуларды дагы бурап коюшкан окшойт, алар дагы эч кандай өндүрүш баштабай жатышат. Малды алар каалагандай иштетип, каалагандай сатышты. Ал жерде 200 кой бар болгон, салыктан качып ошонун 100үн гана каттатып, калганы катталган эмес. Булар ошол 200 койду тең жеп алып, ууру тойгончо жеп өлгөнчө карганат болуп атат. Апам Чаткалдын суугуна чыдап, ошончо малды багып, көбөйтүп койгондон кийин даяр нерсени бирөөлөргө карматып кала бергени бизге өтө өкүнүчтүү болуп жатат".

Жаңы ачылган жагдай барбы?

Жоопкер тарап малга байланыштуу жаңы ачылган жагдайлардын негизинде деген жүйө менен ишти кайра тергөөгө жөнөтүү өтүнүчү менен сотко кайрылган. Райондук сот бул арызды канааттандырган эмес. Жоопкер тараптын адвокаты Миневар Исаева айыл өкмөттүн маркумдун малы тууралуу маалымдамасынын негизинде иш кайра тергелип, каралышы керектигин айтып жатат.

"Негизи айыл өкмөттүн үстүнөн арыз жазылышы керек эле, анткени айыл өкмөтү мал тууралуу туура эмес маалымат берип жатат да. Мен райондук сотко бүт жагдайларды бердим, сот аны жаңы жагдай деп тапкан жок. Ошон үчүн мен жоопкер тарапты айыл өкмөттү милицияга бергиле деп айттым. Анан аларга иш козгоп, ушул жагы жаңы ачылган жагдай болуп калышы мүмкүн дедим".

Деген менен акыйткачы Атыр Абдрахматова ушундай жагдайларда айрыкча жашы жете элек балдар жабыркап каларына токтолду.

"Биздин мамлекет үчүн бул көптөн берки эле маселелердин бири. Тилекке каршы, экинчи, үчүнчү аялы болуп расмий катталган никеси жок жашап, балалуу болгон учурлар абдан көп кездешет. Анан аял менен уруша кетип, же жашабай калып, же ошол жашап жүргөн адам өтүп кетип, ортодо балдардын укугу бузулган учурлар абдан көп. Бизде Конституция дагы, мыйзамдар дагы бир гана үй-бүлөнү - расмий каттоодон өткөн никени гана тааныйт. Калган жагдайларда балдардын укуктарынын сакталышын кепилдөө абдан оор".


Адвокат Есения Рамазанованын баамында, расмий никесиз, экинчи аял, үчүнчү катары жашаган кыз-келиндер укуктук жардам сураган учурлар көбөйүп жатат.

"Мага ушундай шартта жашап жаткан абдан көп аял кайрылган. Мен аларга балдарыңардын атасы экенин тастыктап туруп, алимент гана өндүрө аласыңар дегем. "Мени менен жашап, нике кыйдырып, кайра талагын берип кетип калды, балдарына жардам бербейт" деп, укуктук кеңеш сурап кайрылгандар абдан көп. Ушул "экинчи аял" маселеси абдан курч турат. Мен кыз-келиндерге канча түшүндүрөм, ошого макул болдуңарбы, бала төрөп бердиңерби анда ошол балдарыңар үчүн жашай турган жайын кошо талап кылгыла деп айтам. Экинчи аялды негизи колунда жок адам албайт да, колунда бар адам алат. Анан алар өз канынан жаралган баланын дагы келечегин ойлошу керек. Эгер кырсык болуп, же ооруп каза болуп калса ушинтип байкуш балдары талаада калып калат".

Кыргызстанда мураскер, экинчи аял жана алардын балдары тууралуу маселелер чыгып, мүлк талашкан учурлар катталганы менен бул көйгөй иликтенген эмес жана кандайдыр бир статистикалык маалыматтар жок.

Өлкө мыйзамдарына ылайык, эки же андан көп аял алуу кылмыш болуп эсептелет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG