Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

АКШ Евробиримдикке энергоресурстарды сатууда лидерлик позицияны ээледи


АКШнын газ жүктөгөн танкери алгачкы жолу Евробиримдикке газ алып келген учур. Свиноуйсьце, Польша. 8- июнь, 2017-жыл.
АКШнын газ жүктөгөн танкери алгачкы жолу Евробиримдикке газ алып келген учур. Свиноуйсьце, Польша. 8- июнь, 2017-жыл.

Норвегия Европага газ сатууда 1-орунга чыкты. Андан кийинки орунду АКШ ээледи.

Кошмо Штаттар Евробиримдик өлкөлөрүнө мунай сатууда да лидерликти колуна алып, башкы экспортчу катары Орусияны алмаштырууда. Евростаттын шейшембидеги маалыматына караганда, биримдик сатып алган мунайдын 18% АКШга таандык.

Европага мунай экспорттоодо Орусиянын үлүшү былтыркы январдагы көрсөткүч - 31 пайыздан былтыр декабрда 4 пайызга чейин төмөндөгөн. Бир жыл мурда АКШнын бул тармактагы үлүшү 13% болчу.

Мунай базарында АКШдан кийинки орунда Норвегия турат. Анын үлүшү 17%.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин, Европанын көптөгөн өлкөлөрү Орусиядан энергоресурстарды импорттоодон баш тарткан.

Жаратылыш газын, көмүр жана мунайды сатып алуудан баш тартуу - Кремлдин согушка пайдалануучу каражатына таасир этүү аракети болгон.

Былтыр декабрда Евробиримдик Орусиядан мунай сатып алууга да тыюу салып, орус мунайына кымбат баа койгон.

Евробиримдик Орусиядан жаратылыш газын алууну да азайтып, 2022-жылдын башындагы 31% көрсөткүч жыл аягында 19% чейин төмөндөдү. Анын ордун Норвегия ээлеп, Европага газ экспорттоочу башкы өлкө болуп калды. Учурда Евробиримдик өлкөлөрү колдонгон газдын 31% Норвегияга таандык.

Жаратылыш газын Европага импорттоодо экинчи орундагы үлүш АКШга туура келет. Учурда АКШнын газы Европа базарында 20%.

Евростат маалыматында Евробиримдикке энергоресурс сатуудагы үчүнчү лидер - Казакстан экенин белгилеген. Бирок Астанага Евробиримдик колдонгон мунай менен газдын канча үлүшү туура келери жазылган эмес.

"2022-жылдын аягына карай Евробиримдикке сатылган мунайдын негизги сатуучулары АКШ, Норвегия жана Казакстан. Муну менен Евробиримдик мунай базарында кырдаалдын өзгөрүшүнө ыңгайлаша аларын, Орусиянын энергоресурстарынан көз карандылыктан арыла аларын да көрсөттү", - деп жазылган маалыматта.

Орусия былтыр мунайды Кытайга жана Индияга экспорттоону күчөттү. Бирок Евробиримдикке сатканга караганда кыйла арзан баада. Орусиянын энергетика министри Николай Шульгиновдун сөзүнө караганда, мунайдын жалпы экспорту көбөйдү. Ошол эле учурда министрлик 2023-жылы Орусияда мунай менен газ өндүрүшү азаярын болжолдогон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG