Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

Убактылуу кармоочу жайларда укук бузуулар аныкталды


Бишкектеги №21 тергөө абагындагы жуунчу жай. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги №21 тергөө абагындагы жуунчу жай. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун аймактык кызматкерлери Аксы, Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн, Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаардык ички иштер башкармалыктарынын убактылуу кармоочу жайларын текшерип, бир катар укук бузууларды аныкташты.

Бул тууралуу аталган борбордон маалымдашты.

Ага ылайык, Ала-Бука жана Аксы райондук милиция бөлүмдөрүндөгү убактылуу кармоочу жайларда сот чечими менен Ош шаарындагы №5 тергөө абагына камоого жиберилген шектүүлөр отурат.

"Таш-Көмүр шаардык соту Кылмыш-процессуалдык кодексинин талаптарына карабай, шектүүнү соттук териштирүү аяктаганча, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайында камоо чечимин чыгарган. Мыйзам боюнча шектүү адам убактылуу кармоочу жайда 48 саатка чейин, айрым учурларда гана 10 суткага чейин кармалууга тийиш. Андан кийин шектүү тергөө абагына которулушу абзел. Убактылуу кармоочу жайда камоо зарылдыгы болгон учурда сот 10 күн сайын тиешелүү токтом чыгарууга тийиш. Кара-Көл ШИИБнин убактылуу кармоочу жайында вентиляция иштебегендиктен дубалдар көгөрүп кеткен, душ, ажаткана иштебейт. Санитардык нормалар толук сакталбайт, муздаткыч иштебейт", - деп жазылган маалыматта.

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун кызматкерлери Шекафтар айылындагы мектеп-интернаттын абалы менен да таанышкан. Талап боюнча ар бир тарбиялануучуга күнүнө үч жолу 350 граммдан кем эмес тамак-аш берилиши керек болсо, балдарга болгону 130-140 грамм тамак, жакшы бышпаган нан берилери аныкталган.

Кыйноолорго каршы улуттук борбор бул мүчүлүштүктөр боюнча акт түзүлүп, тиешелүү тарапка жолдонгонун маалымдады.

Кыргызстандагы тергөө абактары жана убактылуу камоочу жайлардын саны жетишсиздигин жана абалы начар экенин укук коргоочулар белгилеп келет. Тергөө абактарынын айрымдары 120 жыл мурда курулган, авариялык абалда экенине карабай, кылмышка шектүүлөр кармалып турат.

Өлкөдө жалпы жети гана тергөө абагы бар, алар бардык кылмышка шектүүлөрдү камоого тардык кылат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG