Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Мамлекеттик мүлк фонду агенттик болуп кайра түзүлөт


Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна караштуу “Альфа Телеком” киреше тапкан ишканалардын бири.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна караштуу “Альфа Телеком” киреше тапкан ишканалардын бири.

Экономика жана коммерция министрлигинин Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик болуп кайра түзүлөт. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы билдирди.

Анда мындай чара мамлекеттик мүлктү башкарууда ыйгарым укуктуу органдардын ишин оптималдаштыруу жана укук-милдеттерин күчөтүү үчүн жасалганы айтылат.

Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы мамлекеттик мүлктү башкаруудагы ишмердүүлүгү жана пландар жөнүндө кенен маалымат таратты. Ага ылайык, мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду өз алдынча мекеме катары 1991-жылы түзүлүп, 30 жыл ичинде бир нече жолу өзгөртүү, реформа болгон.

Учурда бул фонд мамлекеттин атынан ар кандай сектордогу 42 чарбалык коомдо акционер. Мекеме мамлекеттик ишканалардын бардык багыттагы ишемрдүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүүгө укугу бар. Учурда мамлекеттин катышуусу менен ишканалардын башкаруу системасын, экономикалык багытын талдап чыгуу зарылдыгын белгилеген.

“Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2023-2025-жылдарга менчиктештирүүнүн программасын бекитти. Программада мүлктөрдү сатуудан тышкары акциялардын 100% мамлекеттин менчигинде сактап калуу менен мамлекеттик ишканаларды акционердик коомдорго кайра уюштуруу каралган. Белгиленгендер менен бир катар, менчиктештирүүнүн альтернативасы катары ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, инвестициялык ижара, мүлктү ишенимдүү башкаруу механизмдери иш жүзүндө колдонулууда”, - деп айтылат билдирүүдө.

Бир айдын ичинде Министрлер кабинетине Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин жобосун жана башкаруу схемасын бекитүү тапшырмасы берилди.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы 5-майдагы кайрылуусунда мамлекетке караштуу мүлктүн көпчүлүгүн сатууну сунуштаган. Калганы тийиштүү министрликтерге, комитеттерге жана башка органдарга өткөрүлмөй болгон. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG