Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Тажикстандан көчүп келген жигиттин сабалышынын чоо-жайы иликтенүүдө


Сабалып ооруканада жаткан бала. Социалдык тармактарга тараган сүрөт анын атасынын уруксаты менен жарыяланды.
Сабалып ооруканада жаткан бала. Социалдык тармактарга тараган сүрөт анын атасынын уруксаты менен жарыяланды.

Бишкектин Алтын-Казык конушунда 25-март күнү кечинде Тажикстандын Мургаб районунан көчүп келген 21 жаштагы Нурмухаммед Султановду сабап кетишкен. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын атасы Мухаммед Иса Алишеров билдирди.

"Тараба намазына мечитке барып, уулум теспе тартып жатканда адашып калыптыр. 1967-жылы туулган коңшубуз аны угуп калып, балага асыла берген. Намаз бүтүп көчөгө чыкканда да уулума асылган. Уулум "кечирип коюңуз" дегенине болбой жакалап, артынан кубалап барып, эки уулун да чакырып чыгып сабап койгон. Уулум көчөдө эстен танып жаткан жеринен "Тез жардам" чакырып, азыр ооруканадабыз. Милицияга ошол эле күнү кайрылсак, биринчи күнү карайбыз деп коюшкан", - деди.

Нурмухаммед Султанов эки бөйрөгү жабыркап, Улуттук госпиталдын, травматология бөлүмүндө дарыланып жатканын атасы билдирди.

Жигитти сабады деген тарап комментарий бере элек.

Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, текшерүү жүрүп жатканын кабарлады.

Социалдык тармактарда сабалган баланын сүрөтү жарыяланып, кызуу талкууга алынууда. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG