Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Президент Абдыгуловдун ордуна Лилия Кадырбердиеваны сунуштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров кол койгон документке ылайык, Эл аралык валюта фондунун аткаруучу директорунун Кыргызстандан кеңешчиси кызмат ордуна Лилия Кадырбердиева сунушталды. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды.

Мындай чечимге Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Боконтаевдин сунушу негиз болгону айтылат.

Лилия Кадырбердиева жөнүндө Интернетте маалыматтар дээрлик жок. Айрым маалыматтарга караганда, Кадырбердиева Эл аралык валюта фондунун Вашингтондогу кеңсесинде кызматкер болуп иштеген.

23-мартта Толкунбек Абдыгулов аталган фонддогу кеңешчи кызматынан чакыртылып алынган. Ал 2021-жылы сентябрда президенттин сунушу менен Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болгон. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG