Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Евробиримдик Кыргызстандагы ЖМК жана жарандык коомго колдоосун күчөтөт


"Массалык башаламандыкка" шектелип камакта жаткан активист Атай Бейшенбекке микрофон сунган журналисттер. Архив сүрөт.
"Массалык башаламандыкка" шектелип камакта жаткан активист Атай Бейшенбекке микрофон сунган журналисттер. Архив сүрөт.

Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлү Мэрилин Йосефсон 28-мартта Бишкекте маалымат жыйын куруп, ЕБ өлкөдөгү сөз эркиндиги, саясий эркиндиктин абалына кылдат көз салып жатканын билдирди. Анын айтымында, шаркет бул жаатта кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

“Кыргызстан өзүнө алган эл аралык милдеттемелерге дал келгендей иш алып барышы үчүн ЕБ жарандык коомго жана ЖМКларга колдоосун күчөтөт”, - деди.

Муну алдында эл аралык Amnesty International уюму 2022-2023-жылдарга дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу баяндамасын жарыялады. Анда Кыргызстан тууралуу бөлүгүндө сөз эркиндигин чектеген аракеттер, журналисттерге каршы коркутуулар, айрым басылмалардын сайттарынын бөгөттөлүшү, бейөкмөт уюмдардын ишин чектөөнү көздөгөн мыйзамдардын сунушталышы, гендердик зомбулукка көңүл бурулган.

Эл аралык уюм бийликти сындаган саясатчылардын, активисттердин жапырт кармалышын, “Азаттык Медианын” сайтынын жана банк эсебинин бөгөттөлүшүн, иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн күч менен чыгарылышын, Украинадагы согушка каршы активисттерге Орусиянын элчилигинин алдында акция өткөрүүгө тыюу салынышын, Бишкектин бир канча жеринде тынч митингдерге чектөө киргизилишин, акция өткөргөндөрдүн кармалышын, айыппул салынышын жана башка мисалдарды - жарандардын укуктарын чектөө катары сыпаттаган.

Документте Кыргызстандын жабык жайларындагы шарт начардыгы айтылат.

Кыргыз бийлиги Amnesty International уюмунун баяндамасына комментарий бере элек. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG