Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Евробиримдик Молдовага колдоо билдирди


Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель.
Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель.

Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Молдова өкмөтүнө Орусиянын согуштук агрессиясы шартында Евробиримдик Кишиневду колдой турганын айтты.

28-мартта Кишиневго расмий иш сапар менен барган Шарль Мишель Евробиримдик бул өлкөгө 1 миллиард евродон ашык жардам бергенин, алдыда дагы каржылык көмөктүн жаңы пакети даярдалып жатканын кабарлады.

Молдова менен Украинанын Евробиримдикке киришине байланыштуу сүйлөшүүлөр ушул жылдын декабрь айында башталышы ыктымал экенин жарыялады. Бул тууралуу Euronews кабарлады.

"Молдова - Европа Биримдигине кирүүгө талапкер өлкө, бул силердин мамлекет менен элге тарыхый мүмкүнчүлүк берет. Бул мүмкүнчүлүктү колдоносуңар деп толук ишенем. Орусия эркин украин элине кол салуусун улантууда, Молдова да бул согуштан катуу жабыркады. Силер барган сайын орусиялык аскер чалгынынын бутасына көп кабылып жатасыңар", - деди Мишель.

Былтыр март айында Украина менен удаа эле Грузия жана Молдова Евробиримдикке кошулуу үчүн арыз берген.

Эреже боюнча Евробиримдикке кирүү үчүн сүйлөшүүлөр көп жылдарга, кээде 10 жылдан ашуун созулат. Ага мүчөлүктүн бекитилген өзүнчө тартиби жана талаптары бар. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG