Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Кыргызстанга ташылган автоунаалар Беларус бажысында кармалууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанга ташылып келаткан 500дөн ашык автоунаа жыл башынан бери Беларуста кармалып турат. Бул тууралуу "Азаттыкка" машине ташып иштеген ишкелердин бири Данияр Салякаев билдирди. Анын айтымында, Беларус бажысы автоунаалар жүктөлгөн вагондорду, автотрейлерлерди да өткөрбөй жатат.

"Эмне үчүн кармап жатышкан себебин айтышкан жок, текшерүүнүн убактысы тууралуу да бизге маалымат берилген эмес. Бажычылар оозеки түрдө гана документтер текшерилет деп айтууда. Бизге машинелер кармалып турган токтоочу жайлар тууралуу гана квитанция беришти. Алгач 15-мартта өткөрөт дешкен, эми апрелдин аягына чейин деп жатышат. Автоунаа токтоочу жайдын акысы же айып пул деп, колубузга чоң суммадагы акчаны төлө деп койсо кандай болот деп чочулап жатабыз", - деди ал.

Салякаевдин айтымында, бул көйгөйгө АКШдан, Европадан Кыргызстанга унаа ташып келе жаткан бардык ишкерлер дуушар болууда.

Ишкерлердин суранычы менен бул маселе боюнча Кыргызстандын Минскидеги элчиси Эрмек Ибраимов Беларустун Бажы комитетинин төрагасы Владимир Орловский менен жолугуп, сүйлөшкөн. Анда беларус тарап 2022-жылдын сентябрынан тартып, кыргызстандык автоунаа ташуучулар ЕАЭБге алып кирип жаткан машинелерге анализ жүргүзө баштаганын билдирген. Мунун себеби катары автоунаалардын баасы документтерде төмөндөтүлүп көрсөтүлүп келгенин белгилешкен.

Кыргызстандык ишкерлер бул маселеге көңүл буруп, маселени ЕАЭБ алкагында, уюмдун экономикалык комиссиясынын кароосуна алып чыгууну кыргыз өкмөтүнөн суранууда.

АКШ, Европа өлкөлөрүнөн автоунаалар Кыргызстанга алгач Литва, андан Беларус аркылуу алып келинет. Мындан тышкары, Абхазиядан Орусияга, андан кийин Кыргызстанга алып келинген автоунаалар бар. Бир жыл мурдагы маалыматка ылайык, Кыргызстанга Абхазиядан болжол менен жети миңден ашуун машине кирген.

Кыргызстан менен Беларус Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү. Бул уюмга мүчө мамлекеттердин ортосунда товарлар эркин жүгүртүлүшүнө шарт түзүлүшү керек. Бирок ЕАЭБ шарттарына ылайык, Кыргызстанга биримдиктен башка өлкөлөрдөн автоунаа алып кирүүнүн салыгы кымбаттап, ал эми оң рулдуу машинелерге таптакыр тыюу салынган. Сырттан ташылып кирген автоунааларга чыккан жылына жана кыймылдаткыч күчүнө карата бажы төлөмү алынат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG