Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Өзбекстандын Кыргызстанда курула турган машине заводу салыктан бошотулат


Өзбекстанда чыгарылган "Шевроле" унаасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Өзбекстанда чыгарылган "Шевроле" унаасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Жаңы Cалык кодексинин алкагында Кыргызстанда машине чогултуу жана өндүрүү тармагы салыктан толугу менен бошотулат. Мындай жеңилдик Өзбекстандын Кыргызстанда курула турган машине чогултуучу заводуна да берилет.

Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министри Данияр Амангелдиев 28-мартта "Азаттыкка" курган маегинде билдирди.

"Эгерде инвестор өндүрүштүн экинчи этабына да инвестиция сала турган болсо, анда каникул дагы беш жылга узартылат. Бул президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында, жаңы Cалык кодексинин ичинде жүргүзүлөт. Эгер инвестор келип, бир нерсе курса, беш жыл бат эле өтөт. Бирок биздин салык төлөөчү базабыз кеңейет. Билесиздер, мамлекеттин кепилдиги менен Өзбекстандын машине чогултуу заводу курулганы жатат. Завод үч тараптуу келишимдин негизинде курулат".

Амангелдиевдин маалыматына караганда, заводдун курулушу үч этап менен жүрөт. Башында 500, андан кийин 1000 жумушчу орду түзүлөт. Жылына миңдей автоунаа чогултулат.

Өзбекстан Кыргызстанда "Шевроле" үлгүсүндөгү унааларды чогултуучу завод курары быйыл январда белгилүү болгон. Ал кезде өзбек президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга иш сапары учурунда бир топ документтерге кол коюлган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG