Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

Орус түрмөсүндө жаткан тажик жараны Украинада каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украинада Орусиянын түрмөсүндө жатып, согуштук аракеттерге тартылган Тажикстандын жараны каза болду.

"Озоди" радиосунун жазганына караганда 48 жаштагы Ислом Саидмуродов 23-мартта өзү туулуп-өскөн Нурек шаарына караштуу Пули Сангин жамаатынын Туткавул кыштагында жерге берилди.

Маркумдун жакындарынын айтымында, Ислом 2005-жылы Орусияда мыйзамсыз маңзат сатууга айыпталып кармалган.

Курбонали Саидмуродов "Озоди" радиосуна Исломдун Украинадагы согушка кеткенин жакындары билгенин айткан.

"Акыркы жолу былтыр ноябрда сүйлөшкөнбүз, кайда жүргөнүн айткан эмес", - деген Саидмуродов.

Кайда, кантип өлгөнү белгисиз Саидмуродовдун артында үч баласы калды.

Украинадагы согушка Орусияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан канча тажикстандык тартылганы тууралуу маалымат жок. "Озоди" буга чейин Орусиянын абактарында жаткан жыйырмадай тажикстандык Украинадагы согушта каза болгонун аныктаган.

Украинада орус армиясы былтыр жаз айларында оор жоготууга учурагандан кийин "Вагнер" тобу абакка кесилгендерди жалдап, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон. Алардын катарында орус абактарында отурган кыргыз, өзбек жана тажик жарандары да бар. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG