Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:35

Исманкуловдун клиникасынын ордуна неврологиялык бөлүм ачылат


"Алмазбек Исманкуловдун көз микрохирургиясы" деп аталган клиинканын имараты.
"Алмазбек Исманкуловдун көз микрохирургиясы" деп аталган клиинканын имараты.

Саламаттык сактоо министрлиги "Алмазбек Исманкуловдун көз микрохирургиясы" деп аталган клиника ээлеп турган имаратка Бишкек шаарынын №2 ооруканасына караштуу неврологиялык бөлүм ачыларын кабарлады.

Аталган имаратка министр Гүлнара Баатырова 28-мартта барып, бөлүмдөрдү кыдырып, имаратты карап чыкканын министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

№2 шаардык ооруканадагы неврология бөлүмү имаратка көчүрүлүп, керебеттердин саны 80ге чейин көбөймөкчү. Оорукана жетекчилигине бошогон имараттын үчүнчү кабатын оңдоого кетчү каражаттын эсебин чыгаруу тапшырмасы берилди.

Быйыл 11-мартта Бишкек мэриясы Исманкуловдун клиникасын имараттан чыгарган.

10-февралда Башкы прокуратура Исманкулов менен Бишкек мэриясынын бир нече кызмат адамдары мамлекетке 93 миллион 162 миң 576 сомдук зыян келтиргени аныкталганын маалымдаган. Бишкектеги №6 клиникалык оорукананын 2-корпусунун имараты бейтаптар үчүн орун жетишсиздигине карабай арзан баага ижарага мыйзамсыз берилгени аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Алмазбек Исманкулов менен Бишкектин муниципалдык менчик департаментинин башчысы Талант Рыскулбек уулу кармалган.

Бишкектин Октябрь райондук соту 12-февралда алардын бөгөт чарасын карап, Исманкуловду 9-апрелге чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камаган. Рыскулбек уулу үй камагына чыгарылган.

Клиниканын тегерегиндеги чуу былтыр февралда башталган. Ошол кездеги саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев имаратты бошотууну талап кылып, бул аракеттерден майнап чыккан эмес. Бишкек мэриясы дарыгер менен ижара келишимин кайра түзгөнү белгилүү болгон. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG