Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Ошто "Жылуулуккамсыздоо" ишканасынын жамааты жетекчисине нааразылык билдирүүдө


Ош муниципалдык "Жылуулуккамсыздоо" ишканасы.
Ош муниципалдык "Жылуулуккамсыздоо" ишканасы.

Ош муниципалдык "Жылуулуккамсыздоо" ишканасында иштеген 50дөй киши 29-мартта нааразылык акциясына чыгышты. Алар аталган мекеменин жетекчиси Бекмурза Эргешовду кызматтан алууну талап кылып, шаар мэри Бакыт Жетигеновго кайрылышты.

"Жетекчи Эргешов кызматтык этиканы сактабай, жумушчуларды сөгүп, коркутат. Тууган-уругун кызматка коюп алган", - дешти алар.

Нааразы тарап менен ишканага барып жолуккан мэр маселени териштирүү үчүн атайын комиссия түзүлө турганын билдирди.

Эргешов өз дарегине айтылган сындарды четке кагып, муну куру доомат деп атап жатат.

Өткөн жылдын кыш айларында Бекмурза Эргешов ишканадагы көмүр маселесине байланыштуу иштен убактылуу четтетилген. Бирок көп узабай кайрадан жумушуна кайткан.

Ош шаардык муниципалдык "Жылуулуккамсыздоо" ишканасында жалпы 150дөн ашык адам эмгектенет. Ишкана көп кабаттуу 306 үйдү, 98 социалдык имаратты тейлейт. (DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG