Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:27

Иран: Революция сакчылары корпусунун жогорку өкүлү митингчилерге эскертүү берди


Балучистандагы нааразылык акциясы. 24-декабрь, 2022-жыл
Балучистандагы нааразылык акциясы. 24-декабрь, 2022-жыл

Иранда Революция сакчылары корпусунун жогорку өкүлү Систан жана Балучистан провинцияларындагы митингчилерге “кызыл чектен” чыкпоону эскертти. Сөз болгон чөлкөмдөрдө жума намазынан кийин өкмөткө каршы акциялар өтүп келатат.

Корпустун Tasnim кабар агенттигинин маалыматына караганда, кургактагы аскерлердин командачысы Мохаммад Пакпор аймактагы толкундоолордун артында “карасанатай күчтөр, душмандар турат” деп айтты. Элдин коопсуздугуна коркунуч жаралса, олуттуу жооп кайтарыларын эскертти. Бийлик “кызыл чек” деп эмнени атаганын командачы тактаган жок.

Мунун алдында суннилердин руханий лидери Молави Абдолхамид баш болгон динаятчылар коопсуздук кызматтары өкмөткө нааразылыгын билдирип чыккан динзарларды күч колдонуп таркатып жатат деп даттанышкан.

Ал арада Систан жана Балучистандагы активисттер жарым жылдан бери уланып келаткан акцияларда Захедан шаарында “көптөгөн киши, анын ичинде 18ге чыга элек өспүрүмдөр негизсиз жана укуктук нормаларды бузуу менен кармалганын” билдиришти.

Интернет чектелгендиктен, ал адамдар кандай себеп менен кармалганын тактоо мүмкүн эмес.

Былтыр 30-сентябрда ал шаарда 100 чакты киши коопсуздук аскерлеринин колунан каза тапкан. Окуя Махса Амининин өлүмү жана жергиликтүү полиция башчысы 15 жашар кызды зордуктаган деген божомолдордон кийин тутанган митингдер учурунда болгон.

Ислам жумуриятында былтыр күзүндө хижаб кийүү эрежесин бузган деп кармалган студент кыз Махса Амини каза тапкандан кийин ири акциялар тутанган.

Укук коргоочулар митинг-демонстрацияларда жалпысынан 500дөн ашуун киши набыт болгонун айтып келишет. Акцияларда миңдеген киши камалып, айрымдары катаал жазага өкүм кылынган. Кээ бирлери өлүм жазасына тартылды.

Тегеран Батыш мамлекеттерин башаламандык уюштурууда деп айыптаган. Өкмөткө каршы акциялар ар кандай түрдө азыр да уланууда.

XS
SM
MD
LG