Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:24

Токаев жаңы шайланган мажлистин сессиясын ачты


Касым-Жомарт Токаев. Архивдик сүрөт
Касым-Жомарт Токаев. Архивдик сүрөт

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 29-мартта Астанада мажлистин 8-чакырылышынын сессиясын ачты. 19-марттагы мөөнөтсүз шайлоонун жыйынтыгында төмөнкү палатадагы көпчүлүк орундар бийликтеги «Аманат» партиясына тийди. Калган беш партия да бийликти сындаган саясий күчтөрдөн эмес.

Токаев Конституцияга сунуш кылынган өзгөртүүлөр «саясий системаны толук кайра жандандырууга» өбөлгө тузгөнүн билдирди. Анын айтымында, эми президент жети жылдык бир мөөнөткө шайланат, парламенттин ыйгарым укуктары кайра каралып чыкты, депутаттардын ролу күчтөндүрүлдү.

Мамлекет башчы добуш берүүдө жана саноодо болгон мыйзам бузууларды комментарийлеген жок. Бирок шайлоодо «конструктивдүү сын айтылганын, жакшы демилгелер көтөрүлгөнүн» айтты. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак редакциясы кабарлады.

Токаев бийликке келгенден бери ушуну менен экинчи парламенттик шайлоо өттү. Көз карандысыз жана эл аралык байкоочулар добуш берүү мыйзам бузуулар менен коштолгонун белгилешкен. Утулуп калган көпчүлүк талапкерлер шайлоону мыйзамсыз деп табууну талап кылышты. БШК добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир эте алчу олуттуу мыйзам бузуулар болбогонун буга чейин маалымдаган.

Баш мыйзамдагы жаңы өзгөрүүлөргө ылайык, мажилиске шайлоо 2004-жылдан бери биринчи жолу пропорционалдык системадан тышкары мажоритардык система менен да өттү. Парламенттин 69 депутаты (70) партиялык тизме менен, 29у (30%) бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

Бийликтеги "Аманат" партиясы буга чейин "Нур Отан" деп аталып келген. Кезинде мурдагы президент Нурсултан Назарбаев жетектеген бул партиянын аталышын президент Касым-Жомарт Токаев 2022-жылы "Аманат" деп өзгөрткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG