Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:35

Чеченстанда милиция бөлүмүнө кол салуу болгону кабарланды


Гудермес шаары
Гудермес шаары

Чеченстандын Гудермес шаарында белгисиз кишилер райондук милиция бөлүмүн аткылап, кол салгандардын экөө окко учту. "Кавказ.Реалии" сайты жазганына караганда, окуя шейшембиде кечинде болгон. Шаарга жумурияттын башчысы Рамзан Кадыров барып кетти. Маалыматтарда ал жерге күч түзүмдөрү тартылганы айтылган.

Атышуу тууралуу алгачкы кабарды оппозициялык NIYSO Телеграм-каналы чыгарган. Жаңылыкта кол салгандар ингушетиялык номерлүү машиналар менен келгени айтылган.

Оппозициялык 1ADAT Телеграм-каналы Гудермеске Кадыров жана милиция жетекчилери келгенин жазды. Окуя тууралуу дагы бир нече Телеграм-каналдар маалымдады.

Ошол эле маалда Чеченстандын маалымат министри Ахмед Дудаев шаарда абал тынч деп бир нече сүрөт жайгаштырды.

Кийин Кадыров өзүнүн Телеграм-каналына күч түзүмдөрү "эки кылмышкерди жок кылуу үчүн атайын операция жүргүзгөнүн" жазды.

Шаршембиде жумурияттын Тергөө комитети тартип коргоочулардын өмүрүнө кол салуу беренеси менен кылмыш иш козгогону белгилүү болду.

Расмий версияга ылайык, милиция кызматкерлери үйлөрдүн биринде белгисиз куралчан адамдар жүрөт деген маалыматты текшергенде кол салууга кабылган. Комитет атышууда мүрт кеткен кишилер Гудерместин тургундары экенин аныктаганын билдирди.

XS
SM
MD
LG