Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:33

Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтүп жатат


Кыргызстан менен Орусиянын желеги.
Кыргызстан менен Орусиянын желеги.

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган ар башка чөйрөлөрдө кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашат.

Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлары пландалууда.

Жыйынга катышуу үчүн 28-мартта Кыргызстанга иш сапары менен Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук келген.

Комиссиянын теңтөрагалары болуп Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Орусия тараптан Алексей Оверчук эсептелет.

Комиссиянын буга чейинки жыйыны 2022-жылдын 14-апрелинде Москвада өткөн.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG