Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:13

УКМК эл аралык террордук уюмдун активдүү жактоочусу кармалганын билдирди


Кылмышка шектүү.
Кылмышка шектүү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эл аралык террористтик уюмдун активдүү жактоочусу кармалганын билдирди.

А.К. аттуу шектүү 28 жашта, Жалал-Абад облусунун тургуну. Ал Кыргызстандын Коргоо министрлигинин атайын бөлүмдөрүндө кызмат өтөгөн.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, шектүү 2022-жылдын аягында Кыргызстандан чыгып кеткен жана эл аралык террористтик уюм тарабында куралдуу кагылышууларга катышуу үчүн Сирияга өтүп кетүүгө аракет кылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыш жасоого аракеттенүү” - “Кыргызстандын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүшү” боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган адам УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди.

Ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

УКМКнын маалыматында, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына 2013-2015-жылдары Кыргызстандан 850 киши кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон.

Өзү каалап же азгырык жолу менен “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулган кыргызстандыктардын 140ка жакыны - аялдар. Быйыл 16-февралда "Айкөл" миссиясы аркылуу Сириядан 18 аял жана 41 бала кайтарылган.

Сириядагы кыргызстандыктардын туугандары бийликке кайрылып, аларды мекенге кайтарууга жардам сурап келет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG