Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:39

Бишкектин Ленин округунда мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майда өтөт


Бишкек шаарындагы Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Жарлыкка ылайык, шайлоо күнү 28-май, жекшембиге белгиленди. Аны Борбордук шайлоо комиссиясы уюштурат. Министрлер кабинети зарыл болгон каражаттарды таап берет.

Боршайком 27-мартта Жогорку Кеңештин депутаты, "Мекенчил" фракциясынын мүчөсү Жаныбек Абировду өзү жазган арызына байланыштуу мандаттан ажыраткан.

Жаныбек Абиров депутаттык мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымына жана Жогорку Кеңештин төрагасынын атына арыз жазган. Буга Бишкектеги ресторандардын биринде өзү катышкан мушташ себеп болгон. Окуядан 26 жаштагы күзөтчү мээси чайкалып, мурду сынып ооруканага түшкөн.

Милиция 13-мартта мушташка катышы бар деген шек менен эки адамды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген, Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козгогон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG