Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

Украин аскерлери Бахмутка жасалган 28 соккунун мизин кайтарды


Украин аскерлери.
Украин аскерлери.

Украинанын Башкы штабы 30-марттын таңында берген маалыматка ылайык, бир түндүн ичинде орус армиясы Украинага беш ракеталык жана 25 аба соккусун урган, реактивдүү системалардан 34 жолу чабуул жасаган.

"Орусия Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Марьинка багыттары боюнча чабуул коюуда. Украинанын коргоо күчтөрү Орусиянын 60тан ашык чабуулунун мизин кайтарды. Белогоровка, Бахмут, Авдеевка жана Марьинка согуштук аракеттердин очогу бойдон калууда", - деп билдирди командачылык.

Маалыматка ылайык, орус күчтөрүнүн Лиман, Стельмаховка, Выемка, Авдеев жана Марьинка багыттарына жасаган чабуулу ийгиликсиз болгон.

Украинанын Башкы штабы Орусия аннексиялап алган Крымда украин жарандарына кысым көрсөтүп жатканын билдирди.

"Красноперекопск шаарында Федералдык чалгын кызматынын адамдары карапайым калкты текшерүү, чечиндирүү, суракка алуу жана уруп-сабоо менен коштолгон активдүү контрчалгын чараларын жүргүзүүдө" деп жазылган маалыматта.

Украинанын куралдуу күчтөрү орус аскерлери топтолгон аймактарга беш жолу сокку уруп, Орусиянын Су-24М бомбалоочу учагы жок кылынганын билдирди.

Украинанын аскерлери өткөн суткада орус армиясынын курал-жарак, аскердик техникасы топтолгон үч аймакка, радиоэлектрондук согуштук станцияга, ок-дарылар кампасына жана күйүүчү-майлоочу майлардын эки кампасына сокку урган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG