Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:10

Тажикстан безгек илдети жоюлган өлкөлөрдүн катарына кирди


Безгекти жуктурган чиркей.
Безгекти жуктурган чиркей.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Азербайжан жана Тажикстанда безгек илдети (малярия) жоюлганын билдирди. Уюмдун сайтындагы маалыматка караганда, эки өлкө ал жугуштуу ооруну жеңген 42 мамлекеттин катарын толуктады.

Тийиштүү сертификат безгектин жайылуу чынжыры кеминде акыркы 3 жылда үзгүлтүккө учураганда берилет. Ошондой эле өлкө инфекциянын кайра тарашын алдын алууга кудуреттүү экенин далилдеши керек.

Адам баласына инфекцияланган чиркейлер аркылуу жуккан безгек өмүр үчүн коркунучтуу илдет болуп эсептелет.

Советтик мезгилде Тажикстанда оору жоюлганы менен жарандык согуш маалында кайра пайда болгон. Ар кандай маалыматтарда 1997-жылы кошуна өлкөдө безгекти 30-120 миң киши жуктуруп алганы аныкталган. Анын жайылышы эл аралык уюмдардын жардамы менен токтотулган. Акыркы жолу Тажикстанда безгек жуккан учур 2014-жылы катталган.

Кыргызстан безгектен эркин өлкө деп 2016-жылы расмий таанылган.

ДССУнун маалыматына ылайык, безгек оорусунан жабыркагандардын жана андан каза болгондордун 94% Африка континентине туура келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG