Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:10

Аба ырайы: үшүк жүрөт


Кыргызгидромет борбору 1-3-апрелде түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү ыктымал экенин эскертти. Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы төмөндөп, 0…-2° болот. 2-3-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° үшүк жүрүшү ыктымал. Мындай үшүк данектүү мөмө-бактардын бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө коркунуч келтирет.

Абанын температурасынын жогорулашына, жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун айрым участокторунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү болушу ыктымал. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

31-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, тоолуу райондордо жаан, кар жаашы мүмкүн. Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Күндүз Чүй, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13 градус жылыйт.

Бишкек шаарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 15…17° жылуу болот. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG