Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:50

Байден дүйнөдө демократияны колдоого кошумча каражат бөлүнөрүн жарыялады


“Демократия үчүн саммит". Вашингтон, 2023-жылдын 29-марты.
“Демократия үчүн саммит". Вашингтон, 2023-жылдын 29-марты.

АКШ президенти Жо Байден шаршембиде дүйнө жүзүндөгү демократияны колдоо максатында кошумча каражат бөлүнөрүн жарыялады.

Мамлекет башчынын демилгеси менен өтүп жаткан “Демократия үчүн саммитте” Байден демократиялык мамлекеттер авторитаризм менен тирешүүдө “алсырабастан, күчтөнүп жатканын” айтты.

Рейтер агенттигинин жазганына караганда, америкалык лидер коррупция менен күрөшкө, адилет жана эркин шайлоолорду өткөрүүгө, демократиялык өкмөттөрдү колдогон технологияларды алга жылдыруу үчүн 690 миллион доллар бөлүү пландалып жатканын билдирди.

Ак үйдүн сайтындагы маалыматка караганда, Вашингтон 2022-2024-жылдары дүйнө жүзүндө демократияны колдоого 9,5 миллиард доллар бөлмөкчү.

Иш-чарага 121 мамлекеттин лидерлери чакырылган. Freedom House укук коргоо уюмунун баамында, алардын бардыгын эле демократиялуу өлкө деп атоого болбойт. Саммит негизинен онлайн режимде өтүүдө. Буга чейинкиси 2021-жылы уюштурулган.

Бир катар бейөкмөт уюмдар – ошол эле Freedom House же швециялык V-Dem уюму авторитаризм тескерисинче, глобалдык алкакта жайылып жатат, ал эми демократиялык мамлекеттердин саны азайып баратат деп эсептейт.

Саммитте сүйлөгөн БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш бир катар өлкөлөрдө жалпыга маалымдоо каражаттарына жана укук коргоочуларга кысым болуп жатканын белгиледи.

Украин президенти Владимир Зеленский Орусияга туруштук берип жаткан өлкөсү демократия үчүн күрөштө алдыңкы катарда турганын айтып, Киевди курал-жарак менен камсыз кылуу чакырыгын кайталады.

“Демократия башка жолу эмес, азыр жеңишке муктаж. Жеңиш убакыт өткөндөн кийин эмес ушу тапта керек”, - деп үндөдү онлайн сөзүндө Зеленский

Москва менен Бээжин иш-чарага чакырылган эмес. Алар саммитти өткөрүүнү эки жүздүүлүк деп сындашты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG